• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядагы тажикстандыктарга авиабилеттер алдын ала каттоосуз сатыла баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Россиядагы тажикстандык мигранттар Душанбеге уча турган чартердик каттамдарга билеттерди алдын ала каттоого турбастан эле сатып алышса болот. Бул тууралуу Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Икром Субхонзода билдирди.

Буга чейин мекенине кайткысы келген тажик жарандары чартердик каттамдарга болжолдуу каттоого тургандан кийин гана киргизилип келген.

Субхонзода бүгүнкү күндө «Сомон Эйр» авиакомпаниясы чартердик каттамдар үчүн билеттерди 395 евродон сатып жатканын билдирди. Анын айтымында, билет баасы туруктуу каттамдар уча баштагандан кийин гана арзандайт.

Октябрдын аягында билеттердин кымбаттыгына даттанган жарандарга жооп берген авиакомпания өкүлү учактар Россияга бош учуп жаткандыктан, кызмат көрсөтүү акысы 40% жогорулаганын билдирген.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Россия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий