• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядагы турмуштук оор кырдаалга туш болгон кыргызстандыктар үчүн элчинин ишеним телефону түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандары болуп саналган аялдарга жана жаш балдарга зарыл болгон укуктук, консулдук жана башка бардык жардамдарды көрсөтүү максатында элчинин ишеним телефонун түздү. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар элчинин төмөнкү ишеним телефону аркылуу күнү-түнү байланыша алышат: +7 (996) 665 – 76 – 88 (ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу билдирүүлөр кабыл алынат).

Пикир

Оставить комментарий