• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядан 23 автобус менен 1 миң 356 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Кыргызстанга Россия Федерациясынын Оренбург облусунан 23 автобустан турган экинчи колонна менен 1 миң 356 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-августта Россиянын Оренбург облусунун Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2 миң 456 жаран мекенине кайтып келишти.

Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн казак тараптан Казакстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик коридордун жардамы менен иштелип чыккан.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн, Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий