• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядан 28 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү – Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Россиядан 28 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысы Каныбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын унга болгон жылдык керектөөсү 1 млн тоннаны түзөт.

"Запастар жетиштүү. Жашыруун маалымат болгондуктан анын көлөмүн айта албайм. Учурда Россиядан 28 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий