• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык балдар кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган КРнын жашы жете элек жарандарын өз мекенине кайтаруунун (кайтып келүүнүн) үчүнчү этабы Россия Федерациясынын аймагында болуп өттү. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган репатриация иш-чарасынын алкагында элчилик КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Россия Федерациясынын Самара, Орел, Москва шаарларынан Кыргыз Республикасынын жашы жете элек үч жаранын мекенине кайтуусун ишке ашырды.

Элчилик тарабынан, ошондой эле балдардын мекенине кайтып келүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер таризделди.

Пикир

Оставить комментарий