• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядан бензинди бажы төлөмүсүз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча келишимге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Россиядан бензинди бажы төлөмүсүз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча индикативдик баланска кол коюлду. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн Россиядан бензин жана дизель майын бажы төлөмүсүз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле 2022-жылга индикативдик балансты тууралоо жана бекитүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Шаршеналиев, экономика жана финансы министринин орун басары Эльдар Алишеров, ал эми Россия тараптан энергетика министринин орун басары Павел Сорокин кол койду.

Бул маселе КРнын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жардамы менен КРнын министрликтери жана ведомстволору тарабынан иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин РФдан 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылчу, эми анын көлөмү көбөйтүлдү. Тагыраак айтканда, 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылат.

Пикир

Оставить комментарий