• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияда которулган акчанын суммасы 100 миң руб. ашпашы керек деген чектөө коюлду

Коом 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга, Кытайга жана Вьетнамга 30 күндүн ичинде которулган акчанын суммасы 100 миң рублдан (108 миң сомдон), ал эми Казакстанга 150 миң рублдан ашпашы керек деген чектөө коюлду.

Бул норма 2019-жылдын 16-апрелинен тарта иштеп баштаганын кабарланат. Бир катар коммерциялык банктар Россиядан келген акчаларга чектөө коюлгандыгын маалымдады.

Акча которуу системалар бул норманы Россиянын Борбордук банкынын талабы боюнча коюлганын "Ведомости" газетасы жазды.

Мындай ыкма чет өлкөлүк жарандар которгон көмүскө акчаларды аныктоо жана каттоосу жок ишкерчилик менен күрөшүү болуп эсептелет.

Contact жана "Золотая корона" системалары акча которууда лимит орнотулганын ырасташып, бул чаранын себебин айтышкан жок.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, Россияда иштеген кыргыз мигранттары айынан орточо эсеп менен 30-40 миң рубль которушат.

Буга чейин Россиядан Кыргызстанга 2,5 млрд доллар которулганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий