• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россиядан кайра артка кайтарылган азыктар тууралуу бир дагы расмий кат келген эмес – Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 28.01.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы кайра Кыргызстанга кайтарылган айыл чарба продукциялары тууралуу бир дагы жолу расмий кат жиберген эмес. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматына былтыр 4 жолу расмий кат менен кайрылган.

"Россельхознадзор башкармалыгына бир нече жолу расмий кайрылганыбызда Кыргызстандын айыл чарба продукциясы артка кайтарылгандыгы тууралуу расмий кат келген жок. Ошондуктан, биз артка кайтаруу болгон жок деп айтып жатабыз. Бирок ЖМК жана Россельхознадзордун сайтынан артка кайтарылгандын себеби коштолчу документтердин жоктугун жазып жатышат. Продукция экспортко берилип жатканда экспертизалардан өтүп, атайын уруксат кагазын алуу керек. Ошондой эле ал өлкөдөн керектүү салыктарды төлөш керек. Бул эрежелерди аткарбай экспорттогон ишкерлер кармалып калышы мүмкүн", - дейт ал.

Илич Марсбек уулу кошумчалагандай, чек арада, телеканалдарда экспорттоо үчүн коштолуучу документтерди алуу боюнча маалыматтар берилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий