• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядан кайтып келген 23 жаран Ош облусундагы обсервацияга жаткырылат

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Россиядан кайтып келген 23 жаран Ош облусундагы обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусунда, Кашкар-Кыштак айылындагы Кочкор-Ата ооруканасында обсервация жайы уюштурулган.

«Айта кетүүчү нерсе, аталган жарандардан Бишкекте ПЧР тест алынгандан кийин гана алар региондорго бөлүнгөн», - дейт ал.

Каратаев кошумчалагандай, обсервациядагылардын бардыгы алгачкы күнү жана алгоритмге ылайык 10 же 12 күндөн кийин тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий