• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Россиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында кыргызстандык дарыгерлерге коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүүгө келген россиялык дарыгерлер Кыргызстанда аткарган иштери тууралуу кыскача ой бөлүштү.

Россиядан келген дарыгерлер тобун жетектеген Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында, алар Кыргызстанга 23-июлда келген.

"23-июлдан тарта Кыргыз Республикасынын бардык облустарында, 31 медициналык мекемеде иштедик. Биздин дарыгерлер сиздердин дарыгерлер менен бирге кызыл зоналарда иштеп, бейтаптарды дарылашты. Андан тышкары тажрыйба алмашуу болду. Биздин дарыгерлер 4 миңден ашык бейтапты карап, алардын ичинен 564ү ооруканадан чыгарылды. 370 адам ооруканадан чыгарууга даярдалды", - деди ал.

Кыргыз дарыгерлери менен бирге кызыл зоналарда иштеген пульмонолог дарыгер Лилия Козырева өзүнүн иши тууралуу кыскача буларды айтты: "Менин милдеттеримдин катарында өтө оор абалдагы бейтартар боюнча кеңеш берүү, кызыл зоналардагы бейтаптарды кароо болду. Ошондой эле жакында чыга турган клиникалык протоколдун жана версиясын талкуулорго катыштым".

Пикир

Оставить комментарий