• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан келген дарыгерлер Ысык-Көл облусуна барышты

Аймак 0


Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын медицина кызматкерлерине жардам берүү үчүн Башкириядан (Россия) келген дарыгерлердин тобу Ысык-Көл облусуна барышты.

Башкирия мамлекеттик медицина университетинин №2 госпиталдык терапия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, доцент Булат Бакиров алар Ысык-Көлдө эки күндөнбери иштеп жатышканын айтат.

"План боюнча биз төрт стационарда иштешибиз керек. Андай стационарлардын биринде 100-150 киши дарыланат. Ошондуктан иш кыйын жана оор. Бирок бизге кыргыз кесиптештерибиз менен иштеген жакты. Алар өз ишин билишет, өз ишинин адистери", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий