• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан келген медиктердин эки бригадасы аскер госпиталына иштөө үчүн Ошко учуп кетти

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга келген Россиянын Коргоо министрлигинин медиктеринин эки бригадасы бүгүн, 24-июлда аскер госпиталына иштөө үчүн Ошко учуп кетти. Калган 4 бригада Бишкекте калганын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 22-июль күнү Кыргызстанга 20 аскер дарыгери учуп келген. Алар бир ай бою Бишкек жана Ош шаарларындагы аскер госпиталдарында коронавирус менен күрөшүүгө кыргыз медкызматкерлерине көмөктөшөт.

“24-июлдан тарта 6 дарыгер-медайымдан турган топ эки шаарда аскер кызматкерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге практикалык жана кеп-кеңеш түрүндөгү жардам көрсөтө баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө КР Куралдуу күчтөрүнүн бардык аскердик медициналык мекемелери керектүү дары-дармектер жана медкаражаттар менен камсыздалган. Аскер ооруканаларында жана аскердик клиникада бейтаптар текшерилип, дарыланып, рентген жана ПЧР тестти алынууда.

Пикир

Оставить комментарий