• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиядан келген медицина кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин көрүп келди

Коом 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Россиядан келген медицина кызматкерлерине Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде экскурсия өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, үч жума бою Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого
методикалык жана практикалык жардам көрсөткөн Башкортостандан келген дарыгерлерге Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлдү.

Чыңгыз Айтматов атындагы фонддун президенти жана жазуучунун кичүү уулу Элдар Айтматов конокторду тосуп алып, атасынын чыгармачылыгы тууралуу айтып берген. Жолугушуу учурунда ал ар бир конокко Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасын - "Тоолор кулаганда" романын белекке берген.

Алар коноктордун ой-тилектер китебине өзүнүн каалоолорун калтырып, биздин маданият, жаратылыш, тамак-аш жана ооруканадагы иш тууралуу ою менен бөлүшкөн.

"Жарык маанай менен тосуп алганыңыздарга ыраазычылык билдирем. Жакшы ой, таасирлер калды. Адамдар ак көңүл, меймандос экен. Биздин топ Нарын обусунда болдук. Ал жакта жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өздөрүнүн медицина кызматкерлери үчүн гана эмес, биз үчүн да сарсанаа болуп жатышты. Биз иштешкен кыргыз медицина кызматкерлери өз ишинин адистери экенин белгилеп кетким келет. Арийне бардык жерде идеалдуу болду деп айтууга болбойт. Бирок жалпысынан жаман эмес. Жаратылыш, айрыкча Кыргызстандын тоолору суктандырды", - дейт анестезиолог-реаниматолог дарыгер Артем Борисов.

Эл аралык кызматташттык бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев россиялык дарыгерлерге көрсөткөн жардамы үчүн министрликтин атынан ыраазычлык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий