• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россиядан келишимдик негизде сатып алган буудай өлкөгө жеткириле баштады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилип келе баштады. Өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий