• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкекте Башкы консулдуктун жана Россия элчилигинин катышуусунда РФдагы келген ун түрүндөгү жардамды өткөрү берүү иш-чарасы болгон.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мептеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган.

Жардам берүү Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 млн доллар көлөмүндө ыктыярдуу максаттуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты.

“Россия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка дагы эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Россиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий