• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан Кыргызстанга 50 медицина кызматкери келди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Бүгүн 23-июль күнү Россиядан Кыргызстанга 50 медицина кызматкери келди.

Медициналык кызматкерлерди "Манас" аэропортуна Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы жеткирген.

Башкортостан Республикасынан республиканын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген тажрыйбалуу медицина кызматкерлери келген.

Евгений Кустовдун айтымында, 50 адистен турган 5 медициналык топко хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдор жана башка адистер кирген.

Ал белгелегендей, алар Кыргызстанда бир айга жакын убакыт болушат. Ал убакыт ичинде COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам берүүнү уюштурууга көмөк кылышат. Россиялык адистер кызыл зонада иштеп бейтаптарды дарылоого практикалык жардам көрсөтөт.

Россиядан келген медицина кызматкерлерин Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов тосуп алган. Ал көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Росссия өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.

Анын айтымныда, бүгүн россиялык адистер Кыргызстандагы абал менен таанышат. Эртеңден тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун саламаттык мекемелеринде иштеп башташат.

Пикир

Оставить комментарий