• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Россиядан Кыргызстанга аскер дарыгерлери келди

Коом 0

Бишкек, 22.07.20./Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга аскер медициналык кызматкерлер келди.

Медициналык кызматкерлерди Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы "Кант" авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да келген.

20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлер менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш жана практикалык түрдө жардам көрсөтөт.

Россиялык адистер өлкөнүн эки шаарынын госпиталдарында иштешет: төрт топ Бишкекте, эки топ Ош шаарында.

Пикир

Оставить комментарий