• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиядан Кыргызстанга ата-энесинен кароосуз калган 4 жашы жете элек бала алынып келинди

Коом 0

Бишкек, 29.10.18 /Кабар/. Кыргызстанга Россиянын Новосибирск облусунан ата-энесинен кароосуз калган 4 жашы жете элек бала жиберилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар келээри менен балдар мекемелерине жайгаштырылган.

6-7 айлык ымыркайлар КРнын Россиядагы элчилигинин, КРнын Новосибирскдеги вице-консулдугунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен КРга алынып келинген.

Учурда соцөнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери балдарды биологиялык ата-энерлери менен кошуу ишин жүргүзүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, ар кандай себептер менен Кыргызстандын кичинекей жарандары өлкөнүн аймагынан тышкары ата-энесинин кароосу жок калат. Буга көп учурларда туруктуу жашаган жеринин, туруктуу жумушунун, расмий никелешүүнүн жоктугу, күтүлбөгөн боюна бүтүү жана ошондой эле ата-энелердин бирөө абакта олтургандыгы себеп болушу мүмкүн.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан тарта ата-энесинен кароосуз калган 89 бала мекенине кайтарылган. Анын ичинен 10ну 2018-жылы жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий