• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиядан Кыргызстанга чартердик каттамдар менен жарандарды жөнөтүү үчүн акча сурагандар аныкталууда – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга чартердик каттамдар менен жарандарды жөнөтүү үчүн акча сурагандар аныкталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы күндөрү жарандарды мекенине чартердик авиа каттамдар аркылуу жөнөтүү тизмесине кошуу боюнча алдамчылык иш-аракеттер орун ала баштагандыктан атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияны жетектөө милдети ИИМдин Россиядагы өкүлү Н. Жанбаевге жүктөлгөн.

2020-жылдын 12-июнь күнү өкүлчүлүккө үч киши кайрылып, аларга 27 жаштагы Кыргызстандын жараны 50 000 рубль өлчөмүндөгү сый акы үчүн элчиликтин тизмесине кошуп берерин убада кылганын айтышкан. Ошол эле убакта ал элчиликте анын таанышы бар экендигин айткан.

Аталган факты 16-июнь күнү Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары, 2020-жылдын 26-июнь күнү комиссияга Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу тургунунан кайрылуу келип түшкөн. Анда Ж.А. аттуу жарандын ооруп жаткан тууганын мекенине кайтаруу үчүн 10 миң рубль сурап, 1977-жылкы Алай районунун тургуну кайрылган.

Аталган факты боюнча Ош облусунун Алай районунун 43 жаштагы тургуну кармалган. Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт.

Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар, анда ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгүнө - predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылсаңыз болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий