• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россиядан Кыргызстанга эгин ташууну көбөйтүү маселеси каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бириккен дан компаниясы” акционердик коомунун (Россия Федерациясы) башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, жыйында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына эгин ташууну көбөйтүү маселеси каралды.

«Россия Федерациясы биздин стратегиялык өнөктөшүбүз бойдон кала берет. Биз ири дан импорттоочуларынын бири катары “Бириккен дан компаниясы” менен кызматташууга кызыкдарбыз. Бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык болоруна ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

«Бириккен дан компаниясы» акционердик коомунун башкы директору Дмитрий Сергеев өз кезегинде Кыргыз Республикасында филиал ачууга көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн министрлер кабинетинин төрагасына ыраазычылык билдирди.

Ал “Бириккен дан компаниясы” акционердик коому өлкөгө дан жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатканын жана кыргыз тарап менен биргелешкен ишкана түзүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Маалымдама: «Бириккен дан компаниясы» АК – дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.

Өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий