• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктоо боюнча реагенттер топтому жөнөтүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга коронавирусту аныктоо боюнча реагенттер топтому жөнөтүлдү, деп билдирет КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги тарабынан жаңы «COVID-19» коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча 10 миң изилдөө жүргүзүү үчүн реагенттер топтому камтылган дипломатиялык жүк Бишкекке жөнөтүлдү.

"Ал Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) «Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту» илимий федералдык мекемесинин ортосундагы келишимге ылайык акысыз негизде алынган", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын элчилиги Роспотребнадзордун «Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институтунун» реагенттердин топтому түрүндө көрсөткөн жардамы үчүн жана «Авиатрафик» авиакомпаниясына Бишкекке дипломатиялык жүктөрдү бекер жеткирүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий