• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Россиядан Кыргызстанга которулчу акчанын көлөмү 150 миң рублга чейин көбөйдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн Премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

Бул маселенин үстүндө иштөөнүн натыйжасында «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргыз Республикасына акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублды түзөт.

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул маселенин көпчүлүк биздин жарандардын кызыкчылыгына таасир этерин эске алганда, дал ушундай маселелер Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин аянтчасында чечилиш керек.

Пикир

Оставить комментарий