• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар кайсыл жерден билет сатып алса болот? — даректер

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келүү үчүн «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь, «Тез Жет», жана «Урал аба жолдору» авиакомпанияларынан билеттерди өз алдынча сатып ала алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, авиабилеттер расмий авиакассаларда же авиакомпаниянын расмий сайттарынан онлайн сатуу менен гана жүргүзүлөт.

«Авиатраффик» авиакомпаниясы

«Домодедово» эл аралык аэропортундагы №107 кассада дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 10.00дон 19.00га чейин билеттер сатылат. Онлайн сатуу дүйшөмбү күнү (31-август) ачылуусу күтүлүүдө.

«Аэрофлот» авиакомпаниясы

Сатуу кеңселерин жана кассаларын “Аэрофлот” авиакомпаниясынын расмий сайтынан тапса болот, шилтеме - https://www.aeroflot.ru/ru-ru/offices/russia/moscow. Ошондой эле билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан онлайн режиминде сатып алууга болот.

«Урал аба жолдору» авикомпаниясы

Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:
1. Эл аралык «Домодедово» аэропорту, №105, №106 кассалары, күнү-түнү;
2. Павелецкий темир жол бекети, №7 кассасы “Aэроэкспресс” залында, күн сайын саат 08.00дөн 20.00гө чейин;
3. Соймоновский өтмөгү, 7-үй, 1-корпус, “Кропоткинская” метросу, дүйшөмбү-жума күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин.

«Сибирь» авиакомпаниясы

Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:
1. «Домодедово» эл аралык аэропорту (учуу залы, 1-кабат, № 3 чыгуунун жанында), күнү-түнү;
2. Павелецкий темир жол бекети, «Аэроэкспресс» залында (№3 кириш, Славянка дүкөнүнүн жанында), иш күндөрү саат 09.00дөн 20.00гө чейин. Ошондой эле авиабилеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан онлайн режиминде сатып алууга болот.

«Жарандар жеке авиакассалардан жана агенттиктерден, ошондой эле ортомчулардан билеттерди сатып албашы керек», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан, тактап айтканда, КРнын Москвадагы элчилиги, Санкт-Петербургдагы КРнын элчилигинин кеңсеси, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КРнын Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Жарандар авиакомпаниялардан авиабилеттерди түздөн-түз өз алдынча сатып ала алат.

Бүгүнкү күндө Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь, «Тез Жет», жана «Урал аба жолдору» авиакомпанияларынын учактары Бишкек жана Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан учуп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий