• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиядан ПЧР тест-системалардын кезектеги партиясы келди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарымсыз негизде коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 20 миң анализ чыгарууну шарттаган 200 топтом көлөмүндө ПЧР тест-системалардын кезектеги партиясын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Көрсөтүлгөн ПЧР тест система топтомдору Кыргызстанга 2020-жылдын 15-апрелинде жеткирилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 коронавирус менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий