• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиядан пошлинасыз келген дизелдик күйүүчү майдын көлөмү 150 миң тоннага көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын калкын нефть өндүрүшү менен, тагыраак айтканда, дизелдик күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги жана Россиянын Энергетика министрлигинин ортосунда өзгөртүлгөн индикативдүү баланска кол коюлган. Анда 2018-жылга карата алынып келинген мунайзат өндүрүштөрүнүн көлөмдөрү көбөйтүлгөн. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чийки мунайды алып келүүнү кыскартуунун эсебинен пошлинасыз келген дизелдик күйүүчү майдын көлөмү 150 миң тоннага, автоунаа бензининин көлөмү 50 миң тоннага көбөйдү.

2018-жыл үчүн индикативдик баланс

Жыйынтык:

  • Мунайзат – 50 миң тонна;
  • Бензин – 460 миң тонна;
  • Дизелдик күйүүчү май – 485 миң тонна;
  • Реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү май – 100 миң тонна.

Пикир

Оставить комментарий