• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россия Өзбекстанга XIII-XIX кылымдардагы маданий баалуулуктарды тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Россиянын Федералдык бажы кызматы XIII-XIX кылымдарга таандык Өзбекстанга 29 китеп жана 16 керамикалык буюмду тапшырды.

Маалыматка караганда, маданий баалуу мурастарды тапшыруу 21-июнда Москвада болду.

Артефактылар мыйзамсыз чыгарылып кеткен маданий баалуулуктарды кайтаруу боюнча эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташуунун алкагында берилген.

Экспертизага ылайык, кол жазмалар XIX кылымдагы Орто Азия жазуу маданиятына мүнөздүү. Ага араб, фарс, түрк тилдериндеги диний тексттер, поэтикалык чыгармалар кирет. Керамикалык буюмдар – кумаралар, табактар – орто кылымдагы Самарканддагы карапа өндүрүшү болуп эсептелет.

Өзбекстандан мыйзамсыз чыгарылган маданий баалуулуктар Крым бажы кызматы тарабынан алынган.

Аткезчилик жол менен тарыхый буюмдарды алып өткөн аял шарттуу түрдө эки жылга соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий