• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россияга авиабилеттердин кымбат болушу үзгүлтүксүз каттамдардын аздыгы менен байланыштуу

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Россияга авиабилеттердин кымбат болушу үзгүлтүксүз каттамдардын аздыгы менен байланыштуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, үзгүлтүксүз каттамдарга чектөөнү Россия тарап коюуда.

“Учурда жумасына 6 туруктуу каттам бар. Үчөөнү биздин "Ави-Траффик" компаниясы, экөөнү орусиялык "Аэрофлот" компаниясы жана бирөөнү "Урал аба жолдору" ишке ашырат. Бул каттамдардын саны өтө эле аз. Себеби буга чейин айына 30га жакын, күнүнө 3-4 каттам болгон”, - деди ал.

Жунушалиев Жарандык авиация агенттиги каттамдардын санын көбөйтүү тууралуу Россияга каттарды жолдоп жатканын айтты.

“Үзгүлтүксүз каттамдардын көбөйүшүн Россияда Роспотребнадзор мекемеси чечет. Кыргызстандан Россияга авиабилеттердин кымбат болушу үзгүлтүксүз каттамдардын аздыгы менен байланыштуу. Авиакомпаниялар чартердик каттамдарды гана ишке ашырып жаткандыктан чыгымдар өсүп жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий