• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россияга чакырышууда, бирок биз Кыргызстанда эле жашагыбыз келет – кайырчы Рахим ата

ТАГДЫР 0

Бишкек, 03.11.17 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. “Айчүрөк” соода борборунун тушундагы жер астындагы өтмөктө таягын кармап алып кайыр сурап отурган карыяны көрсө болот. Кийими таза, ал турсун, бут кийимин жылтырата тазалап, өзүнө тыкан. Жумушка чыккандай эле күнүгө ушул жерде, таң эрте келет да кечке чейин олтурат. Бир көргөн кишиге “бекерчи”, “араба түртсө деле оокаты өтөт да” деген ой келиши мүмкүн. Бирок баары мындай оңой эмес экен. Анын эмне себептен ушул жерге келип отуруп калганы тууралуу карыя буларды айтып берди.

Каарманыбыздын аты Рахим, көзү туубаса азиз. Дунган улутундагы Кыргызстандын жараны. 8 жыл мурун кайыр суроого муктаж болуп, көчөгө чыккан. Ошондон бери күнүгө таң эрте Бишкектен 40 чакырым алыстыктагы Беловодск айылынан “жумушка” келет. Жергиликтүү такси айдоочусу 50 сомго туура жер астындагы өтмөктүн тушуна чейин жеткирип коет.

“Бул жерде түшкү саат эки-үчкө чейин эле отурам, кеч калсам жолдо тыгын болуп үйгө жетишим кыйын болот. Жубайым экинчи топтогу майып, анын да көзү азиз. Ал эки неберем менен үйдө”- дейт ал. Рахимдин бир кыз, бир уулу жана үч небереси бар. Эки баласы тең үйлөнүп-жайланганы менен баягы эле жоктуктун айынан Россияга жакшы жашоону издеп кетишкен. Азыр мектептеги эки небереси анын колунда.

Кайыр суроодон күнүгө 500 сомдон 1500 сомго чейин акча табат. Бул каражат көп көрүнгөнү менен өзүнүн жол киресине, эки небересинин тамагы, кийими, мектептин керектөөлөрүнө жетпей да калат. Азыр үй-бүлөсү менен батирде турушат. Аны айына 15 000 сом төлөп отуруп беш жылдын ичинде сатып алам деген келишими бар. Ал эми жубайы экөөнүн он миң сом пенсиясы аны дагы жаба албайт. Ошентип бул иши менен үй-бүлөсүнүн куржунун жалгыз тартып келет. Соороткон бир нерсеси - дагы эки жыл чыдап койсок, батирдин карызынан кутулуп үйлүү болобуз деген үмүтү.

“Балдарыбыздан акча сурабайбыз, алар өзүлөрүнүн турмушун куруулары керек. Бизди да Россияга чакырып жатышат, бирок жубайым экөөбүз Кыргызстанда төрөлгөнбүз да, өз мекенибизде жашагыбыз келет. Азыркы максатыбыз неберелерибизди чоңойтуп, келин алып, турмушка берүү”- дейт каарманыбыз.

Мына ушундай, замандашым. Жарык дүйнөнү көрө албаганы менен жашоодо жигердүү күрөшүн улантып, неберелеринин келечеги үчүн жашаган азиз атанын аракетчилдиги менен максаттуулугу башкаларга үлгү болсо экен.

Пикир

Оставить комментарий