• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиялык АН-26 аскер учактары Кыргызстанга берилди

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргоо күчтөрүнүн 23565 авиациялык-транспорттук эскадрилья аскер бөлүгүнүн аймагында АН-26 аскер учактары тапшырылды. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка КР КК Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөмбиев, коргоо министрлигинин, Канттагы Борбордук аскердик округ жана авиабазанын РФ коргоо министринин орун басары Александр Фомин баштаган өкүлдөрү катышышты.

Авиациялык техника кыргыз тарапка кайтарымсыз түрдө эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде берилди. Мындан тышкары, РФ Коргоо министрлиги аскер кызматташтыгынын алкагында бөлүктөр, агрегаттар, керектүү материалдар, окутуу жана кошумча мүлк менен камсыздап, теориялык, жайкы окутууларды жана стажировкаларды ишке ашырат.

Иш чаранын соңунда чакырылгандар жана меймандар курулган объекттер менен таанышып, учактардын ичин көрүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий