• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиялык аскер дарыгерлеринин миссиясы аяктады – Башкы штаб

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кечээ, 21-августта Россиянын Коргоо министрлигинин медицина кызматкерлеринен турган топ COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча комплекстүү жардам көрсөтүү миссиясын аяктады. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул эле күнү Кант шаарындагы бириккен россия аскер базасынын аймагында россиядан келген аскер врачтарды узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Бир айдын ичинде Бишкек жана Ош шаарындагы аскердик бейтапканаларда 19 медицина адистери, анын ичинен пульмонологдор, анестезиологдор жана терапевттер 400дөн ашык оорулууларга консультациялык жана медициналык жардамдарды көрсөтүштү.

Кыргыз кесиптештери менен россиялыктар күн сайын аскер бейтапканаларындагы эң көп оорулуулар бар реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө нөөмөттө туруп, оорулууларды карап, дарылоо жана дарт аныктоо иш-чараларын өткөрүштү. Негизги кызматынан тышкары доктурлар оорулууларга кирүүшүү тактикасын жана санитардык-эпидемиологияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, методикалык сабактарды өтүштү.

КР КК ГШ башчысынын биринчи орун басары полковник Нурлан Кирешеев медицина кызматкерлерин узатып жатып төмөндөгүлөргө токтолду: "Жарым жылдан ашуун мезгилден бери бүткүл дүйнөдө медицина кызматкерлери жаңы вирус менен каармандык жана өз өмүрүн арноо менен күрөшүүдө. Мындай оор кырдаалда Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга аскер доктурларынан турган бригаданы зарыл болгон каражаттары менен жиберип, бизге колдоо көрсөттү. Аталган жардам эки өлкөнүн жана биздин Куралдуу Күчтөрдүн ишенимин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугунун жогорку деңгээлде экендигинин күбөсү болуп саналат”.

Россиялык медицина кызматкерлери гуманитардык миссиясын аткаргандыгы үчүн КР Куралдуу Күчтөрүнүн грамоталары жана медалдары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий