• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиялык байкоочулар шайлоо учурунда спекулятивдик даттанууларды катташты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумда шайлоо өнөктүгүндө спекулятивдик даттануулар байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россиядан келген эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлү - GR-group консалтинг агенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири Андрей Громов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстанда маанилүү окуя – Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.

“Байкоочулар миссиясы – бул маанилүү коргоочу миссия. Анткени, шайлоо бул жарандардын бийликке түздөн-түз катышуусуна жол ачкан өнөктүк. Биздин милдетибиз кийлигишүү эмес, жыйынтыктын жарандардын көз карашын чагылдыруусуна көз салуу”,-деди ал.

Громов Россиядан келген миссия ар бир аймактан 5-7 шайлоо тилкесине барып, шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл кылды.

“Ошондой эле биз БШКга түшүп жаткан даттанууларды карайбыз”,-деп кошумчалады ал.

А.Громовдун айтымында, шайлоо мыйзамын одоно бузуу учурлары, тактап айтканда жарандын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар жок. Ошондой болсо да, ал спекулятивдик даттануулардын саны көп экенин белгиледи.

“Мен бир учурду байкадым. Бир адам бюллетенди урнага (автоматтык түрдө эсептөочү) сала албай жатканын көргөн комиссиянын теңтөрагасы демилгелүү адам катары бюллетенди урнага салууга жардам берүүнү чечет. Бир нече байкоочулар бул мыйзам бузуу деп жаза башташты. Бирок, теңтөрага добуш берүүгө шарт түзүүнү гана каалаган болчу”,-деди ал.

Миссиянын өкүлү мыйзам бузуу кординациялык мүнөздө болбогон учурларда дагы БШК айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган деп эсептейт. Анын пикиринде убактысын бөлүп, атайын шайлоого келген 100-200 адамдын добушун жокко чыгарбай эле койсо болмок.

“Анча-мынча мыйзам бузуулар менен добуш берүунүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатат. Бир же эки мыйзам бузуунун айынан 100 адамдын добушун жокко чыгарып салуу демократиялык принциптерге туура келбейт”,-деди Громов.

Пикир

Оставить комментарий