• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Россиялык блогер аны акысыз жеткирген кыргызстандык таксистке унаа белек кылды — видео

Коом 0


Бишкек, 25.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиялык блогер Гусейн Гасанов аны акысыз жеткирген кыргызстандык таксистке унаа белек кылды. Бул тууралуу блогер өзүнүн инстаграмдагы баракчасынан билдирди.

Гасановго алгач бир катар таксисттер аны акысыз жеткирүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй бир такси топтоп бекер алып кетүүгө макул болгон. Блогер анын кайдан келгенин сураганда, Кыргызстандан келгенин, такси кызматынын унаасына күнүнө 1 миң 600 рубль төлөй турганын айткан. Ошондой эле кызынын кулагына операция жасатуу керектигин кошумчалаган.

Кыргызстандык карыздарын жаап, мекенине кайтуу анын кыялы экендигин айтат.

Блогер Kia Rio маркасындагы таксисттин унаасына окшош жаңы унааны сатып алып, кыргызстандыкка белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий