• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Россиялык чийки мунайды ташып жеткирүү республикада мунайды кайра иштетүү боюнча өндүрүштүн кубаттуулугун арттырат

Экономика 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Россиялык чийки мунайды ташып жеткирүү республикада мунайды кайра иштетүү боюнча өндүрүштүн кубаттуулугун арттырат жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов «Россия – Кыргызстан: өнөктөштүк, келечек максаттар (коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык)» аталышындагы эл аралык конференцияда билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов 2017-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 25 жыл толо турганын эске салды. «Бул жылдар аралыгында кыргыз-орус мамилелерин жөнгө салган 200гө жакын эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлган. Муну эске алуу менен биз эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү сактоого, айрыкча экономикалык кызматташтыкка маани беребиз.

Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын ири соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. 2016-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы соода айлантуу көлөмү 1, 050 млн АКШ долларын түзгөн, анда жалпы сырткы товар айлантуунун көлөмү 5, 467 млн. АКШ долларын түзгөн. Экспорт негизинен кийим-кече жана айыл чарба продукциялары. Импорттук товарлар болуп, күйүүчү-майлоочу материалдар, жыгач, кара жана түстүү металлургия, химиялык өндүрүш продукциялары саналат», – деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Эки мамлекет ортосундагы экономикалык жакындыктын зарылдыгы тууралуу айткан Олег Панкратов эки жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасы КМШ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык бирикмелердин катышуучусу болуп саналат. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү жөнүндөгү келишимге кошулуусуна, анын ичинде Россия Федерациясы да мүчө болгондугуна 2 жыл толот. Биздин өлкө жогорудагы эл аралык уюмдардын алкагында интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө активдүү катышууда. Мындай уюмдарга мүчө болгон ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн көп тармактуу натыйжаны берет», – деп белгиледи Олег Панкратов.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, Кыргыз Республикасын жана Россия Федерациясын жалпы тарых, бирдиктүү маданий коомчулук жана тилдик тоскоолдуктун жоктугу байланыштырып турат. Ал эми өткөрүлгөн конференция эки мамлекет ортосундагы интеграциялык процесстерди күчтөндүрүүгө багытталган жаңы идеялардын жана сунуштарды талкуулоо аянтчасы болушу керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий