• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиялык дарыгер: COVID-19 илдетин дарылоону кыргыз медиктери мыкты өздөштүргөн

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. COVID-19 илдетин дарылоону кыргыз дарыгерлери мыкты өздөштүргөн. Бул тууралуу Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирген.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кустов баштаган россиялык дарыгерлердин тобу өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын кыдырып чыгышкан.

“Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош менен Бишкек шаарларындагы муктаж медициналык мекемелерди кыдырып чыктык. Эпидемияга каршы иш-чараларды туура жүргүзүү боюнча сунуш жана пикирлерибизди бердик. Бирок кыргызстандык дарыгерлер COVID-19 илдетин дарылоону мыкты өздөштүргөнүн байкадык. Биз барган медициналык мекемелерде дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетиштүү экен”, - деп билдирген ал.

Өз сөзүндө Евгений Кустов эпидемиологиялык абал басаңдаганына карабай айрым чектөөчү иш-чаралар улантылышы керек дейт.

Ал илдеттен сакайган жарандарга беткап тагынууну, социалдык аралыкты сактоону, адамдар көп топтолгон жерлерге барбоону, жеке гигиенаны эсинен чыгарбоону сунуш кылды.

Эске сала кетсек, COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстанга россиялык (Башкортостан Республикасынан) медициналык адистердин тобу келген. Алардын арасында реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар.

Пикир

Оставить комментарий