• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиялык дарыгерлер Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны азайып жатканын билдирди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны азайып жатат. Бул тууралуу Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдиргенин "Российская газета" жазат.

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташууда.

"Күнү-түнү иштеген стационарларда 13 миңге жакын орун даярдалган. Алардын жарымынан көбү бош. Оң өзгөрүштөр бар: ооруканага кайрылгандарга караганда
айыгып чыккандардын саны көп", - деген ал.

Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов кыргызстандык дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө келген дарыгерлер тобун жетектейт. Алар Кыргызстандагы ишин 16-августта жыйынтыктоону пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий