• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россиялык ишкерлер Кыргызстанда $500 млн долбоорлорду ишке ашырууда

Экономика 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Россия-Кыргыз инвестициялык форумунда эки өлкөнүн ишкерлери жалпы суммасы 500 млн доллар турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу 20 документке кол коюшту. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум 7-8-октябрда Ош шаарында өттү. Кол коюлган документтердин арасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор дагы бар.

“Сөз газобетон заводунун курулушу боюнча эң ири долбоор жана Баткен районундагы эки социалдык долбоор тууралуу болуп жатат. Ошондой эле келечекте Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча 50 миллион долларлык келишим иштелип чыгат. Келерки жылы аны практикалык ишке ашырууга кирише алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле күн станцияларын куруу, темир жолго сапаттуу россиялык жабдууларды, Ош шаарынын мэриясы үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча келишимдерге кол коюлду”, - деди Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Ал эки өлкөнүн ишкерлеринин өз ара аракеттенүүсү 2021-жылы активдешкенин белгиледи. Бул аралыктар Ысык-Көлдө бизнес-форум өтүп, россиялык компаниялардын бизнес өкүлдөрү эки ирет Кыргызстанга келип кетти.

Өткөн иш-чараларда россиялык ишкерлер биздин рынокко баам салышты. Бүгүн биз биринчи Россия-Кыргыз бизнес форумун өткөрдүк. Бүгүн биз биринчи Россия-Кыргыз инвестициялык форумун өткөрдүк, анда мурунку мезгилдерде талкууланган жана алдын ала айтылган идеялар жана ниеттер практикалык жыйынтыкка ээ болду”, - деди Новиков.

Ал кошумчалагандай, Ош шаарында өткөн инвестициялык форум эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө кызматташуунун бардык аспектилерин карап чыгууга, алака түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү, бул жаңы инвестициялык келишимдерге жана биргелешкен бизнес долбоорлорго кол коюуга толук негиз берет.

Пикир

Оставить комментарий