• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиялык ырчы Манижа «Eurovision-2021» сынагынын финалдык бөлүгүнө өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Нидерландынын Роттердам шаарында башталган «Eurovision-2021» ыр сынагына Россиянын атынан катышып жаткан ырчы Манижа сынактын финалдык бөлүгүнө өттү.

Жарым финалда Манижа Russian Woman ("Орус аялы") аттуу ырды аткарды. Ал сахнага Россиянын түрдүү аймактарындагы ар улуттагы аялдар жөнөткөн кездемеден тигилген көйнөк кийип чыгып, ырдын ортосунда анысын башка көйнөккө алмаштырды.

Манижа РИА «Новости» агенттигине берген маегинде көйнөк — аялдарга «бошонууга» мүмкүндүк бербей келген көп кылымдык салттардын символу экенин билдирди.

«Eurovision» сынагынын 22-майда өтө турган финалдык бөлүгүнө Россиядан тышкары Норвегиянын, Израилдин, Азербайжандын, Мальтанын, Литванын, Кипрдин, Швециянын, Бельгиянын жана Украинанын өкүлдөрү да чыгышты.

Манижа — тажик тектүү орусиялык ырчы. Манижа 1991-жылы Тажикстанда туулуп, кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенет. 2020-жылы Россиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон. Мындан тышкары Россиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүктөргө катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий