• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиялык журналисттер тобу «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. 2021 жылдын 8-9-июль күндөрү россиялык журналисттер тобу “Кумтөр” кенине барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

«Кумтор голд компанинин» сайтында маалымдалгандай, алардын айтымында, акыркы учурда ишкананын айланасында көптөгөн карама-каршы маалыматтар жана ушактар ​​тарап жатканына байланышытуу алар кырдаалдын чыныгы чоо-жайын жана кендин айланасындагы мөңгүлөрдүн абалын билүү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчилигине кайрылышкан.

Иш сапардын жүрүшүндө журналисттер КГКга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийин анын башчысы Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген компания үзгүлтүксүз, туруктуу режимде, коопсуздук эрежелерин сактоо менен иштеп жатканына жана жумушчулар жамаатынын маанайы жакшы экенине ынанышты.

«Россиялык журналисттер кенди казып алуу жана кайра иштетүүнүн негизги өндүрүштүк этаптары менен таанышып чыгышты, андан кийин ачык карьерде жана алтын ылгоочу фабрикада болушту. Мурдагы жылдары кенге жырткычтык мамиле менен иштетип, Лысый жана Давыдов мөңүлөрүнө бош тоо тектерин таштоонун натыйжасында алардын азыркы кейиштүү абалына өз көздөрү менен күбө болушту. Журналисттер сапардын жыйынтыгы боюнча алган таасирлери жөнүндө Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында айтып берүүнү көздөшүүдө»,-деп айтылат маалыматта .

Мындан тышкары, Россиялык ММК өкүлдөрүнө КГКда убактылуу тышкы башкаруу “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жетекчилигинин жоопкерсиздигинен улам киргизилгендиги тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, “Центерра Голд Инк.” команиясы тарабынан 2021-жылдын 15-майында кен аймагындагы мөңгүлөрдүн туруктуулугун жана жылышын көзөмөлдөөчү сенсорлор тутуму алыстан өчүрүлгөн. Бул бош тектер жыйындыларынын жана карьердеги дубалдарынын абалдары боюнча көзөмөлдөөсү иштебей калып, кенде иштеген адамдардын өмүрү менен ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзүлөт.

Ошондой эле иштердин жүрүшүндө мыйзам бузуулары жана айлана-чөйрөнүн булганышы аныкталды. 1992-жылдын 6-мартындагы “Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” деген КР мыйзамында эгерде мындай иш-аракеттер өмүргө, калктын ден-соолугуна же экологиясына реалдуу коркунуч туудурса, мамлекеттин концессионердин административдик-чарбалык ишине кийлигишүү укугу каралган (бул жерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАК) деп белгиленет.

Ушуга байланыштуу, КР Жогорку Кеңеши кырдаалды турукташтыруу жана Кумтөр кенин иштетүүнү улантуу үчүн КГКга убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуш кылды. 2021-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруусу киргизилип, анын жетекчилигине Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий