• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиялык журналисттер Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону чагылдыруу үчүн келген Россия Федерациясынын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү парламент имаратында болушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, журналисттер 80 жылдык тарыхка ээ кыргыз парламентинин баскан жолу, анын ичинен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Андан тышкары чет мамлекеттерден Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий