• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиянын 12 шаарындагы гастроль. Эмгек мигранттарына алардын турмушун чагылдырган спектакль көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Россияда жашаган кыргызстандыктарга "Адашкан адам" спектаклы көрсөтүлдү. Анда бир үй-бүлөнүн тагдыры – өз мекенинде жубайы менен балдарын таштап кеткен мигрант тууралуу баяндалат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жалал-Абад облусунун Барпы атындагы драма театрынын директору Санжарбек Берикбаев айтып берди.

Анын айтымында, алардын театры өткөн айда Россиянын 12 шаарында, алардын ичинде Новосибирск, Томск, Тюмень, Екатеринбург, Иркутск ж.б. шаарларында гастроль менен болушкан.

Ал белгилегендей, алардын максаты мекендештердин искусствого болгон сүйүүсүн ойготуп, актуалдуу маселени көтөрүү болгон.

"Көптөгөн биздин мекендештер Россияда иштешет. Биздин театрдан алыс. Биздин театрды ал жакка алып барууну максат кылганбыз. Биздин мекендештерге психологиялык драманы көрсөттүк. Көрүүчүлөр көзүнө жаш алып, бизди дагы келип кетүүгө чакырды", - деди ал.

Бул чыгармада жубайы менен уул-кызын таштап, Россияга кетип экинчи ирет үй-бүлө курган кишинин окуясы баяндалат. Өмүрүнүн аягында ал жумуш, жакындарынан, ден соолуктан ажырайт...

Абдивахитов, "Адашкан адам" чыгармасы жөн жерден тандалып алынбаганын айтат. Анда кыргызстандык эмгек мигранттары туш болгон окуялар камтылганын белгилейт.

Алдыда аталган театр дагы бир маселе – эмгек мигранттарынын балдары жана алардын тагдыры тууралуу пьесаны даярдоону пландап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий