• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиянын агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Билим 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовдун ортосунда видео жолугушуу болуп өттү.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эки министрдин сүйлөшүүсү жылуу жана достук маанайда өттү. Тараптар эки мамлекеттин билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңири талкуулашты. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү мектебинин курулушу жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

Баарлашуунун жүрүшүндө министр Алмазбек Бейшеналиев тараптардын биргелешкен аракеттерин аркасы менен билим берүү жаатында кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовту Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келүүгө чакырды.

Бул эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча алгачкы сапарлардын бири болуп, билим берүү жана илим жаатында тыгыз кызматташууну улантууга болгон бекем ниеттин көрсөткүчү болмокчу.

"Кравцов Алмазбек Бейшеналиевдин сунушун кубануу менен кабыл алды. Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовдун Кыргызстанга болгон иш сапары 2021-жылдын март айына пландалууда", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий