• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жарандарды Россияга жөнөтүү үчүн жасалма медициналык документтерди жасап жүргөн адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин транспорттук ички иштер башкармалыгынын (ТИИБ) кызматкерлери Россиянын аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФнын дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ТИИБ Тергөө кызматынын кызматкерлери Россиянын аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФнын дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө КР жараны, Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган.

Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап, кандайдыр-бир документтерди сунуштап, РФге учууга жардам бере тургандыгын айткан. Материал КЖБРге КР Жазык Кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча катталды.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө КР ИИМдин Транспорттук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына Т.Н. аттуу жаран кайрылып, 46 миң 50 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген.

ТИИБдин Тергөө кызматы шектүү Ж.А.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну суранат: ИИМдин Транспорттук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн номери: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, уюлдук телефон: 0708 00-36-19.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий