• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиянын аймагынан изделип жаткан Айдана Сатыбалдиева табылды

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Буга чейин маалымат агенттиктеринде жана социалдык түйүндөрдө 2001-жылы туулган Айдана Сатыбалдиеваны туугандары издеп жаткандыгы боюнча маалыматтар тарап жаткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Айданага белгисиз жаран Москва шаарына билет сатып берген жана кыз ошол жакта болушу ыктымал деп берилген.

Жогорудагы окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, дайынсыз болуп жаткан кыздын сүрөтү интернет булактары жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратылып, изделип жаткан.

Бул ишке байланыштуу, 2021-жылы 21-майда КР Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнен дайынсыз болуп жаткан Айдана Сатыбалдиева аттуу жаранды издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жөнөтүлүп, издөө иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде дайынсыз болуп жаткан жаран ушул жылдын 21-май айында Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортунан Москва шаарына учуп кеткендиги аныкталган.

Издөөдө жүргөн жарандын жакындары кызды кооптуу кырдаалдагы жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө чыгып кетиши мүмкүн деп маалымдашкан. Ага байланыштуу дайынсыз жоголгон жаран боюнча эл аралык издөө иштери башталган. Бирок, бул божомол такталган эмес.

КМШ өлкөлөрүндөгү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
координациялоо бюросунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана КР ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен укук коргоо органдары биргеликте дайынсыз болуп жаткан жарандын Москва шаарында жашап жаткан дарегин аныктоо ишин жүргүзүшкөн.

Тактоо иш-чараларынын негизинде А.Сатыбалдиева Москва шаарындагы “Шереметьова” аэропортуна келип түшкөндөн кийин, ошол эле күнү Москва-Сургут каттамына авиабилет сатып
алып кеткендиги белгилүү болгон.

Сургут шаарынын Ханты-Манский автономдуу аймагынын укук коргоо кызматкерлери издөөдөгү жаранды Ямало-Ненецко автономдуу аймагындагы шаарлардын биринде болушу ыктымал деп маалымдашкан.

24-майда аймактык укук коргоо кызматкерлери А.Сатыбалдиева аттуу жаран ЯНАО аймагындагы шаарлардын биринде жашап жаткандыгын такташып, 26-майда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жана ИИОнун жардамы менен А.Сатыбалдиеваны апасы менен жолуктурган.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы, Сургут шаарынын жана Ямало-Ненецко автономдуу аймагынын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен издөө иштери боюнча кызматташтык кылуу боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Учурда укук коргоо органдарынын тийиштүү кызматы табылган жаран боюнча процесстик чараларды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий