• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиянын бир нече аймагында мигранттарга кол салып жүргөн неонацисттер кармалды

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Россиянын Москва облусунда, Москва жана Владимир шаарларында неонацисттердин тобу кармалды. Кармалган 6 адам РФ аймагында жасалган кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын сайтында кабарланат.

Эске салсак, 7-майда мигранттарга кол салып жүргөн неонацисттер тобу кармалгандыгы тууралуу бир нече орус басылмалары жазып чыккан. "Интерфакс" өз булактарына таянып, бул топко 30 жакын адам киргенин кабарлаган.

Маалыматка ылайык, уюмдун лидерлери өздөрүнүн катарына жаңы адамдарды кошуп, неонацизм идеологиясын активдүү түрдө жайылтып турушкан.

Топтун мүчөлөрү Москва, Владимир жана Рязан шаарларында башка улуттагы адамдарга курал (травматикалык тапанча жана бычак) колдонуу менен кол салышкан.

Пикир

Оставить комментарий