• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиянын үч субъектисинде мигранттарды айрым тармактарга ишке тартууга тыюу салынды. Элчилик үн катты

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Россия Федерациясынын үч субъектисинде, тактап айтканда, Тюмень облусунда, Калуга облусунда жана Ханты-Мансийск автономиялык округунда чет өлкөлүк эмгек мигранттарын соода, коомдук транспорт, коомдук тамактануу тармагында иштөөгө тартууга тыюу салынган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жогорудагы чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

«ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Мүчө мамлекеттер улуттук эмгек рыногун коргоо максатында, ушул келишимде белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, өз мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү орнотпойт жана колдонбойт». Россиянын иш берүүчүлөрүнүн Кыргызстандын жарандарын Россиянын бул үч облусунда ишке орноштуруудан баш тартуу фактылары болгон учурда, аракеттерди көрүү үчүн Россиядагы кыргыз элчилигинин kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дарегине жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүнү суранат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий