• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Россиянын элчиси: Афганистандын түндүгүндө 3000 "Ислам мамлекетинин" согушкери бар болушу ыктымал

Дүйнө 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Афганистандын түндүгүндө 2500-3000 "Ислам мамлекети" деп аталган террористтик уюмдун согушкери бар болушу ыктымал. Бул тууралуу Россиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов Душанбеде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Дипломат тажик чек арачылары бар болгондуктан Тажикстан менен Афганистандын чек арасы тынч экенин белгиледи.

"Бул уюмдар менен коңшулаш болуу кооптуу, ошол үчүн ар кандай коркунучтарга жана чакырыктарга жооп берүүгө даяр болушубуз керек", – деди Игорь Лякин-Фролов.

Элчи белгилегендей, Афганистанда "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин көбү Сириядагы куралдуу чыр-чатакка катышкан. Анын пикиринде, туруксуз абал жана бирдиктүү борбордук бийликтин жоктугунан улам согушкерлер Афганистанга көчүп барышкан, деп жазат ca-irnews.com.

Дипломат мындан тышкары, Россиянын Тажикстандагы 201-аскер базасынын салымын баса белгилеп, бул базанын болушу өлкөнүн суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бекемдөөдө абдан маанилүү ролду ойнойт, - деп билдирди.

Андан сырткары, ал Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) дагы Тажикстандын коопсуздугунун кепилдиги болуп саналарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий