• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиянын элчиси Эриш-аркак жылы тууралуу: Концерт жогорку деңгээлде өттү

Маданият 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Өткөн аптада, 27-февраль күнү Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болуп өткөн. Ачылыш аземине Кыргызстан менен Россиянын 200дөн ашык артистти катышкан.

Бишкекте өткөн маалымат жыйында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышында тартууланган концерттик иш-чара тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Ал бул иш-чараны уюштуруп, өткөргөн эки өлкөнүн Маданият министрликтерине ыраазычылык билдирди.

"Мага аябай жакты. Концертте көрсөтүлгөндөр кызыктуу болду, концерт жогорку деңгээлде өттү. Биргелешкен номерлер болду. Россиялык аткаруучулар кыргыз тилинде ырдады, россиялык артист Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан үзүндү окуду", -деди ал.

Кремль сарайында 5 миң кишилик орун каралганын айткан элчи, ачылыш аземинде бош орун калбаганын белгилеп өттү.

2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылы деп жарыялоо тууралуу чечим Россия президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын 28-мартында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө президенти тарабынан кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий