• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Россиянын “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав Кыргызстанга келди

Маданият 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда мекендешибиз, Россиянын “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Александр Волкодавды “Манас” эл аралык аба майданынан маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Александрдын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.

Алгач, ал жылуу тосуп алган күйөрмандарына ыраазычылык билдирүү менен, келечектеги пландары менен кыскача ой бөлүштү.

“Мен “Голос” долбооруна катышып жатканда менин артымда кандай колдоолор болуп жатканын жана мен үчүн жан үрөгөн күйөмандарым бар экенин сезип турдум. Кереметтер болот, эң башкысы өзүңө ишен. Колдооңуздар үчүн бардыгыңыздарга чоң рахмат. Менин жеңишим, менин ийгилигимдин артында ата мекеним жана менин колдоочуларым бар экенин билем. Мен кайда болсом да өз туулган жеримди жана атамекенимди унутпайм. Жеңиштин даамын сезүү жана аны менен бөлүшүп, күч кубат алуу үчүн Кыргызстанга келдим. Себеби, мындай мүмкүнчүлүк буга чейин болгон жок. Мындан ары эми, чыгармачылыктын үстүндө талыкпай иштейм”, - деди ырчы.

Өз кезегинде, министрдин орун басары Союзбек Надырбеков Александр Волкодавга чыгармачылык ийгилик каалоо менен, жакынкы убакта министр Азамат Жаманкулов кабыл ала турганын белгилеп, анын чыгармачылыгы Маданият министрлиги тарабынан колдоого алына турганын билдирди.

Эске салсак, 32 жаштагы Александр Волкодав Россиянын "Голос" долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. 2021-жылдын 30-декабрындагы жыйынтыктар Россиянын Биринчи каналында көрсөтүлүп, финалда мекендешибиз казакстандык эки ырчыны жана россиялык артистти утуп алган. Финалдык концерттин алдында Александр ырчы Пелагеянын музыкалык тобуна мүчө болуу сунушун кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий