• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россиянын ИИМинин жогорку окуу жайларына Кыргызстандын 22 курсанты ийгиликтүү тапшырып, ант беришти

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 27-август күнү Россиянын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларына быйылкы жылдын 22 курсанты ийгиликтүү тапшырып, ант беришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага Кыргызстандын ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С. Өмүрзаков, ИИОнун ардагерлери, курсанттардын ата-энелери жакын туугандары жана ИИМдин Академиясынын өздүк курамы катышышты.

ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өз сөзүндө, курсанттарды ант берүү аземи менен куттуктап, милиция кызматкери билимдүү, элдин тынчтыгын камсыз кылууга кылмыштуулук менен күрөшүүгө ар дайым даяр болууга милдеттүү экенине токтолду.

“Силер Россия Федерациясынын ИИМдин жогорку окуу жайларына окуганы жөнөп жатасыңар. Силердин алгачкы милдетиңер жакшы билим алып, өзүңөрдүн жакшы жагыңарды көрсөтүшүңөр керек. Кыргыз элинин өкүлдөрү катары өзүнөрдү жакшы алып жүрүп, ата-энелериңердин жана ИИМдин жетекчилигинин ишеничин актоого колдон келген аракеттериңерди кылгыла”, - деди Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий