• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Россиянын “КАМАЗ” акционердик коомунун унааларын Кыргызстанда кураштыруу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов “КАМАЗ” АКтын автомобилдерди сатуу боюнча башкы директорунун орун басары жана Орто Азия аймагынын директору Любовь Тюрина менен жолукту.

Ведомстводон билдиргендей, үстүбүздөгү жылы 26-апрелде Татарстандын Казань шаарында өткөн татар-кыргыз бизнес-форумунда жетишилген келишимдердин алкагында “ДТ Техник” ЖЧК жана “Камаз” АК компаниялары “КАМАЗ” акционердик коомунун жүк ташуучу унааларын кураштыруу жаатында биргелешип кызматташуу келишими жетишилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагында кураштырууну уюштуруу маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий